Англис тил жумалыгы.
2024- жылдын 12- февралынан 19- февралга чейин республиканын бардык билим берүү уюмдарында «Англис тили жумалыгы» жарыяланган. Бул буйруктун негизинде Ат- Башы районундагы Касыке Мамбеталиев атындагы орто мектебинде англис тили сабагынын мугалимдери англис тили жумалыгын өткөрүштү.
Англис тилинин бир жумалыгы 12-февралда башталып,жалпы окуучулар үчүн 4-5-6-7-8-9-10-11-класстардын консерттик программасынын коштоосунда ачылыш аземи болду.Анда 5б- класс “Кыргызстан” деген ырды англис тилинде ырдап , консертти ачып беришти.Англис тили баарлашунун тили” деген темада 11-классттар видео ролик көрсөтүштү.Окуучулар англис тилинде ырдашып, жанылмачтарды айтып беришти.Ошондой эле класстар арасында кызыктуу оюн уюштурулуп, окуучулар оюнга катышып суроолорго жооп беришти. Окуу бөлүмүнүн башчысы Эшимбекова Г англис тилинин бир жумалыгынын ачылышына карата сөз сүйлөп окуучуларга ийгилик каалады.
Комментарии