23- Февраль «Ата Мекенди коргоо» күнү
2024- жылдын 22- февралында Ат- Башы районунун Касыке Мамбеталиев атындагы орто мектебинин Аскерге чейинки даярдык сабагынын мугалими Касымбеков Рахат 10- класстар арасында «Нарктуу жигит» аттуу патриоттук сезимди ойготкон таймаш уюштурду. Таймаштын жүрүшүндө саламдашуу, патриоттук ырлар, доклад берүү, автомат чачып кайра куроо, автоматты сүйрөп жөрмөлөп маарага биринчи жетүү,турникке тартынуу ж.б тапшырмалар аткарылды. Жыйынтыгында 10-б классынын окуучулары 1-оорунду камсыздап медаль, грамоталар менен сыйланды.
Комментарии